super.kg logo

Бардык оору нервден жаралабы?    

 

Коомчулукта “бардык оору нервден жаралат” деген түшүнүк бар. Чынында эле ошондойбу? Адистер бардык ооруну нервге шылтоо көбүртүлгөн түшүнүк, бирок дамамат стресс абалы бир топ оорулардын жаралышынын себептеринин бири болушу мүмкүн дешет. Кайсы дарттар нервден, стресс, депрессия абалынан жаралат?

Психосоматика

Психосоматика – бул психологиялык (эмоциялар, стресс) жана физикалык (денедеги өзгөрүүлөр) байланыштын негизинде келип чыккан көйгөйлөрдү изилдөөчү илим. Мисалы, психологиялык жаракаттар денедеги айрым ооруларды (баш оору, ашказан-ичеги, астма, теридеги жаралар жана башка) кантип пайда кыларын же күчөтөрүн изилдейт. Башкача айтканда, жан дүйнөдөгү тынчсыздануу, стресс, депрессия абалы дене аркылуу (түрдүү оорулар) кабар берет. Чынында эле психологиялык өнөкөт стресстен улам көптөгөн дарттар жаралат, андыктан “бардык оору нервден жаралат” деген түшүнүк калса керек. Ошол эле учурда стресс жаралган дарттын көп себептеринин бири гана болуп эсептелет. Нервге тиешеси жок (генетикалык, инфекциялык, вирустук жана башка) дарттардын да саны көп экенин эстен чыгарбаш керек.

Эустресс жана дистресс

Стресстин эки түрү болот: эустресс жана дистресс деген.

Эустресс – “дени сак стресс” деп да аталат. Бул стресс учурунда адам кайсы бир окуяга реакция жасап, бир аздан кийин өзүн колго алат да, жаралган маселени чечет. Эустресс учурунда адам кыска убакытка өзүнө энергия топтогонун сезбей да калат, бирок ал энергия адамдын өзүн колго алышына жана маселени чечишине жардам берет. Маселе чечилгенден кийин стресс кетет да, адам өзүн бошонгондой жакшы сезип калат.

Дистресс – “оорулуу стресс”. Бардык балээни жараткан стресс түрү дистресс деп аталат. Кайсы бир окуяны адамдын организми “жашоого коркунуч” реакциясы катары кабыл алат да, андан “коргонууга” өтөт. Бул абалдан адам чыга албаса, жашоого керектүү энергетикалык ресурстарды пайда кылган гормондордун, нейродермиттердин бөлүнүп чыгуу процессин дистресс бузуп салат же токтотот. Бул учурда кадимкидей физикалык оорулар пайда болот. Организм “менде көйгөй бар” деп кайсы бир оору менен кабар берет. Психикалык маселелер физикалык дарт чакырары илимий түрдө дагы деле изилденип келет, айрымдары чынында психосоматикадан улам жаралары далилденген.

Кайсы оорулар жаралышы мүмкүн?

Жүрөк-кан тамыр оорулары. Адамда стресс учурунда эң алгач эле адреналин жана кортизол гормону ашыкча бөлүнүп чыгат. Натыйжада жүрөктүн кагышы тездейт, кан басым көтөрүлөт. Бул абал өнөкөткө айланса аритмия, гипертония, инфаркт же башка жүрөк-кан тамыр ооруларын козгошу ыктымал.

Ашказан-ичеги оорулары (ашказан жарасы, гастрит, колит, диарея, ич катуу, ич ооруу жана башка).

Дем алуу органдарындагы оорулар: астма – дем алуу кыйындайт, аба жетпей жаткандай болот.

Баш оорусу (мигрень) өнөкөткө айланат.

Кант диабети (1-2-типтеги). Стресс учурунда кандагы канттын деңгээли көтөрүлөт. Организм стресске туруштук бериши үчүн “күчтөнүп” иштеши керек болот, бул учурда глюкоза көп талап кылынат. Андыктан кант диабетин көзөмөлдөө кыйын болот.

Стресс менен күрөшө берип алсызданган иммунитет инфекциялык, вирустук ооруларга туруштук бере албай калат.

Тери оорулары: псориаз, дерматит, безетки жана башка.

Алкоголго же баңгизаттарына көз карандылык.

Өнөкөт стресс абалында жүргөн адамдагы белгилер

• Көп тердейт;

• Буту-колу муздап турат;

• Бат чарчайт, эс алса деле чарчаңкы абал кетпейт;

• Жүрөгү бат-бат согот;

• Көкүрөгү ооруйт же тамагында бир нерсе тургандай сезим болот;

• Жүрөк айлануу, баш айлануу;

• Уктап жатканда же ойгоо кезинде деле тишин кычыратат;

• Булчуңдары чыңалып, кээде тырышып кала берет;

• Салмак кошуп же арыктайт;

• Маанайы жок, эч ким менен сүйлөшкүсү, эч кайда баргысы келбейт, көпчүлүк чогулган жерден качып, жалгыздыкты самап калат;

• Тынчсыздануу, коркуу сезими коштойт;

• Эс тутуму начарлайт;

• Уйкусуздук жаралат же тескерисинче, кечке уктоону адат кылат.

Эмоциялардын таасири

Жинденүү – жүрөк менен боорго күч келтирет.

Коркуу сезими – бөйрөккө;

Тынчсыздануу – тамак-аш сиңирүү органдарына;

Кайгыруу – жүрөк, өпкө жана мээге терс таасир тийгизет.

Эмоционалдык “чарчоо”

Эгер адам көп убакыт эмоционалдык “селкинчек” абалында, стрессте, депрессияда жүрсө, организм чарчайт, күрөшкөнгө энергиясы калбай, коргоо функциялары алсызданат. Мунун натыйжасында нерв жана жүрөк-кан тамыр системдеринде көйгөйлөр пайда болот, иммунитет түшөт да, башка органдар жабыркай баштайт.

Оорулар нервден жаралганын кантип билсе болот?

Албетте, ооруну нервге шылтап коюу оңой. Бирок анын келип чыгуу себептери такыр башка болушу мүмкүн. Андыктан оорунун психосоматикадан же башка себептен келип чыгып жатканын билүү үчүн дарыгерге барабыз. Врач сиздин көйгөйдү угуп, керектүү анализдерди тапшыртат. Эгер анализдер таза чыкса, анда психотерапевтке жөнөтөт. Ал изилдөөлөрдөн кийин гана жыйынтык чыгарып, керектүү терапия, дары-дармектерди жазып берет.

Дистресстен арылуу үчүн...

Күнүмдүк жашооңузду тартипке келтириңиз. Алгач эле уйку режимин жөнгө салуу керек. Күнүгө 22:00 менен 23:00дүн аралыгында уктоого аракет кылыңыз. Уктаардан 2-3 саат мурун ноутбук, телевизор, телефондон алыс болуңуз. Китеп окусаңыз болот, жатарга жакын 1 стакан жылуу сүт ичиңиз. Уктаган бөлмөдө жарык болбосун, тынчтык сакталсын. Күнүгө толук кандуу 7-8 саат уйку керек.

Активдүү болуңуз. Физикалык көнүгүү же башка жумуштар бакыт гормону болгон эндорфиндин бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Бул үчүн күнүгө таза абада сейилдөө, көнүгүү жасоо, аптасына 2-3 жолу бассейнге баруу же башка физикалык активдүүлүктөр жарайт.

Адамдар менен сүйлөшүңүз. Жалгыз калбаңыз. Башкаларга ачыла албайм деген болбойт, керек болсо такыр тааныбаган адам менен деле сүйлөшүп, ичтеги арманыңызды төгүп алсаңыз жеңилдейсиз. Ишениңиз, маселеси бар жалгыз сиз эмессиз, баарын жеңсе болот.

Туура тамактанууга өтүү керек, кайгыны тамеки, алкоголь же башка заттар менен өчүрө албайсыз. Андан көрө туура тамактанууга өтсөңүз, организмди колдоп, ага стресс менен күрөшүүгө күч бересиз.

Позитивдүү китептерди окуңуз, жакшы маанидеги тасмаларды көрүңүз, саякаттаңыз, эл-жер кыдырыңыз, жаңы нерселер менен таанышыңыз.

Эгер стресс менен күрөшүүгө өзүңүздүн алыңыз жетпей жатса, психологго, психотерапевтке кайрылыңыз.





кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: