super.kg logo

Таиланддагы кемелер кагылышында эки кыргызстандык болгон. Алардын абалы кандай? 

 

Тышкы иштер министрлиги Таиланддын Пхукет аралынын жээгинде Korawich Marine 888 эс алуу катери менен балык уулоочу кеменин кагылышуусуна байланыштуу маалымат берди.

ТИМдин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 55 адам жаракат алган. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги Таиланддагы ардактуу консул менен биргеликте жүргүнчүлөрдүн тизмесин ыкчам тактап, катерде Кыргыз Республикасынын эки жараны болгонун аныктаган.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери кыргызстандыктар менен түз байланыш түзүп, окуянын жагдайларын жана алардын саламаттык абалын такташкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, кырсык учурунда эки кыргызстандык тең жаракат алган эмес. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып, сунушталган ооруканага жатуудан жана медициналык жардамдан баш тартышкан.

Кыргызстандын элчилиги кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантып, жарандар менен туруктуу байланышта экенин билдирди. Эки кыргызстандыктын мекенине кайтып келиши 2026-жылдын 15-январына пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: