super.kg logo

Иранда миңдеген адамдар бийликти колдоо акциясына чыгышты

 

Иранда он миңдеген адамдар өкмөттү колдоо үчүн өлкөдөгү шаарлардын көчөлөрүнө чыгышканын Associated Press агенттиги маалымдады.

Алар АКШ менен Израилге каршы ураандар менен чыгышкан. Акциянын катышуучуларынын көбү Ирандын желектерин жана жогорку лидер Али Хаменеинин сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Буга чейин өлкө бийлиги тургундарды Иранды жана анын жетекчилигин колдоо боюнча демонстрацияларга катышууга чакырган.

Айта кетсек, Иранда нааразычылык акциялары декабрдын аягында улуттук валютанын кескин арзандашынан жана баалардын тез өсүшүнөн улам башталган. Нааразычылыкка чыккандар саясий режимди алмаштырууну жана 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлевинин бийликке келишин талап кылышууда. Time журналы кеминде 217 адам каза болгонун жазган. Ал эми Иран бийлиги башаламандыктар учурунда полициянын 15 кызматкери өлтүрүлгөнүн билдирген.

Тегеран нааразычылык акцияларын АКШ менен Израил уюштуруп жатат деп айыптоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: