Кардиологиялык мекемелердин жетекчилери кызматтан кетти
Саламаттыкты сактоо министрлиги Улуттук кардиология борборлорунун жетекчилери кызматтан бошотулганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар ээлеген кызматтарынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана өлүм көрсөткүчүнүн жогору болушуна байланыштуу алынышкан.
Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууда бир катар олуттуу мыйзам бузуулар болгон. Аталган борбордун жетекчиси Талантбек Сооронбаевдин ишмердүүлүгү боюнча суроолор жаралган.
Ошондой эле Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда медициналык жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды сактоо жана колдонууда мыйзам бузуулар аныкталган. Буга чейин өрт чыккан негизги имараттагы кардиохирургиялык жабдуулар тиешелүү шартта сакталбай, курулуш чаңына көмүлгөн абалда турганы белгиленип, техниканын ишке жарактуулугу жана анын сакталышына ким жооп берери боюнча суроолор жаралган.
Институттун директору Самидин Шабыралиев тарабынан операция жасалган айрым бейтаптардын кийин татаалдашуулар менен кайрадан жеке кардиохирургиялык клиникаларга кайрылуу учурлары көбөйгөн. Натыйжада эки мекеменин жетекчилери ээлеген кызматтарын өз ыктыяры менен тапшырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















