super.kg logo

Иран бийлиги өлкөдөгү нааразычылык акциялары көзөмөлдө экенин билдирди

 

Иран бийлиги өлкө аймагында жүрүп жаткан нааразычылык акциялары толугу менен көзөмөлгө алынганын билдирди. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Sky News телеканалына маек берип жатып айткан.

Анын айтымында, өлкө боюнча өткөн нааразычылык акциялары учурда толук көзөмөлдө турат. Iran International басылмасы жазгандай, Аракчи Тегеран АКШ менен Израилдин Ирандагы акыркы "террордук аракеттерге" тиешеси бар экенин далилдеген көптөгөн материалдарга ээ.

"Бизде АКШ менен Израилдин Иранда акыркы күндөрү болгон террордук актыларга тиешеси бар экенин тастыктаган көп сандаган документтер жана далилдер бар",- деген ал.

ТИМ башчысы Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн сындап, алар террорчуларды эмес, ирандык полицияны айыптап жатышканын белгиледи.

Эске салсак, Иранда декабрдын аягынан бери ири масштабдагы нааразычылык акциялары уланып келет. Акциянын катышуучулары саясий режимди алмаштырууну талап кылышууда. HRANA укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, кеминде 544 адам каза болгон. Иран бийлиги нааразычылык акцияларын уюштурууга АКШ менен Израилди айыптоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: