super.kg logo

АКШ Ирандагы жарандарын өлкөдөн чыгууга чакырды

 

АКШнын Мамлекеттик департаменти 13-январда Ирандагы нааразычылык акцияларына байланыштуу америкалык жарандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Расмий билдирүүдө АКШ жарандарына Армения же Түркия аркылуу кургактык жолу менен Ирандан чыгууну сунуштаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Ошондой эле кош жарандыгы бар адамдар Ирандан ирандык паспорттору менен чыгышы керектиги белгиленген.

12-январда Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт АКШ президенти Дональд Трамп зарыл болсо Иранга каршы америкалык аскер күчүн колдонууга даяр экенин билдирген. Анын айтымында, ирандык өкмөттүн өкүлдөрүнүн бири Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф менен байланышып, Тегерандын расмий ачык билдирүүлөрүнө салыштырмалуу жумшагыраак позициясын билдирген.

Ошол эле күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израил менен АКШ Ирандагы баш аламандыкты өз кызыкчылыктары үчүн колдонууга аракет кылып жатканын айтты.

Эске салсак, Иранда декабрдын аягынан бери ири масштабдагы нааразычылык акциялары уланып келет. Акциянын катышуучулары саясий режимди алмаштырууну талап кылышууда. HRANA укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, митингдерде кеминде 544 адам каза болгон. Иран бийлиги нааразычылык акцияларын уюштурууга АКШ менен Израилди айыптоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: