super.kg logo

Кытай АКШга эскертүү менен чыкты

 

Кытай АКШнын Арктикадагы өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн Кытайды же Орусияны шылтоо катары колдонушуна макул эместигин билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин дүйшөмбү күнү өткөн брифингде айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.

Маалыматка ылайык, буга чейин Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Исландияга жасаган сапарынын жүрүшүндө АКШнын президенти Дональд Трампка НАТО алкагында Кытай менен Орусиянын Арктикадагы "коркунучтарына" биргелешип каршы туруу сунушун билдирген. Ушул билдирүүгө комментарий берип жатып Мао Нин Арктика эл аралык коомчулуктун жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү аймак экенин белгиледи.

Анын айтымында, Кытайдын Арктикадагы ишмердүүлүгү аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган жана эл аралык укуктун нормаларына толук шайкеш келет. Ошол эле учурда ал АКШнын Кытайды же Орусияны шылтоо кылып, өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарын алдыга жылдыруусуна Пекин макул эместигин баса белгиледи.

Буга чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Гренландиянын АКШга мүмкүн болгон кошулуусу Вашингтон үчүн Арктикада Орусия менен Кытайды ооздуктоо максатын көздөй турганын билдирген. Бирок бул пикирди Түндүк Европа өлкөлөрүнүн дипломаттары колдогон жок.

Financial Times басылмасы маалымдагандай, аталган аймактагы кырдаал менен тааныш булактарга таянган түндүк европалык дипломаттар Трамптын Орусиянын жана Кытайдын кемелери Гренландиянын айланасында жүрөт деген билдирүүлөрүн четке каккан. Алардын айтымында, акыркы жылдары Гренландиянын айланасында Орусия же Кытай кемелеринин, ошондой эле суу астындагы кайыктардын бар экенин көрсөткөн эч кандай далилдер катталган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2026. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вьетнамдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Лаостон Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Whatsapp +1(303) 794-9090 support@caluaniemueleearus.com Caluanie Muelear Oxidize 5 литр Ханойдон Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сатууга Caluanie Muelear Oxidize АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сатууга Caluanie Muelear Oxidize 5 литр Сатууга Caluanie Muelear Oxidize 1 литр Сатууга арзан Caluanie Muelear Oxidize Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Вьетнамдан Caluanie Muele
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: