super.kg logo

"Согушка да, диалогго да даярбыз". Тегеранда Трамптын билдирүүсүнө реакция жасалды

 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын президенти Дональд Трамптын Тегеран Вашингтонго өзүнүн ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү сунуштаганы тууралуу билдирүүсүнө реакция жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Аракчи билдиргендей, Иран согушка да, диалогго да даяр. Ал өлкөдөгү кырдаал “көзөмөлдө экенин” белгилеп, мамлекеттеги уланып жаткан баш аламандыкка карабастан, абал туруктуу экенин айтты.

Министрдин айтымында, Иран бийлиги баш аламандыктарга катышкан адамдардын террордук аракеттерине АКШ жана Израилдин тиешеси бар экенин тастыктаган документтерге ээ.

"Батыш өлкөлөрү террорчуларды айыптоонун ордуна биздин полицияны айыптоодо. Алар Газада 70 миңден ашык адамдын өлүмүнө жана АКШ менен Израилдин колунан миңдеген ирандыктардын өмүрү кыйылганына карабай эч кандай чара көрүшкөн эмес. Бирок бүгүн Ирандагы террорчуларды колдоп жатышат",- деди Аракчи Иран мамлекеттик телеканалында.

Тегеранда нааразычылыктар 2025-жылдын 28-декабрында улуттук валютанын кескин арзандашынан жана экономикалык кыйынчылыктардын күчөшүнөн улам башталган. Митингдер тез арада өлкөнүн башка шаарларына да тараган.

8-январда Тегеранда нааразычылыктар кескин күчөгөн. Баш аламандык учурунда демонстранттар көптөгөн объекттерди өрттөп, талкалашкан: автобустар жана "Тез жардам" унаалары, 24 турак үй, 25 мечит, эки оорукана, 26 банк жана башка мамлекеттик жана коомдук имараттар зыян тарткан.

Баш аламандыктардын күчөшү менен Иран бийлиги өлкө боюнча интернетке чектөө киргизди.

АКШда жайгашкан HRANA укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, эки жума ичинде нааразылыктардан кеминде 544 адам каза болду (анын ичинде 48 кызматкер жана 496 демонстрант). Мындан тышкары, 10 600дөн ашык адам кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.01.2026. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз 5 литрлик Caluanie Muelear Oxidize бөтөлкөсүн сатууда Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз (5 литр) Caluanie Muelear Oxidize сатылууда 1 литрлик Caluanie Muelear Oxidize бөтөлкөсүн сатууда Caluanie Muelear Oxidize сат
13.01.2026. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: