№13 округда кайра шайлоо: Эки талапкер БШКга арыз берди
№13 көп мандаттуу шайлоо округундагы кайра шайлоого катышууну каалаган жарандардын арыздары 29-январга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу БШКнын маалыматында айтылат.
Бүгүнкүгө карата Арстанбеков Акылбек Советбекович жана Маматаев Эркинбек Садирбекович шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берди.
Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Ал эми кайра шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















