super.kg logo

Түркияда Кыргыз жарандарын ишке орноштурган 4 компаниянын иши токтотулду

 

Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын ишин токтотту.

Маалыматка ылайык, лицензия алуу учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтер сунушталган. Тактап айтканда, Түркияда кабыл алуучу уюм (иш берүүчү/чет өлкөлүк ортомчу уюм) менен болгон иш жүзүндөгү кызматташтык жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн эмес.

"Бул аракеттер жогоруда аталган жобонун 29-пунктунун 1-пунктчасында каралган талаптарды бузуу болуп саналат. Ага ылайык, жөнөтүүчү тарабынан уруксат алуу учурунда ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтерди берүү фактылары аныкталган учурда уруксаттын колдонулушун токтотууга негиз болуп эсептелет",- деп жазылат маалыматта.

Аныкталган мыйзам бузууларды эске алуу менен төмөнкү компаниялардын иши токтотулду:

"Голден ворк & тревел"; "Айрис Тревел";
"Рамай-Саякат";
"Аска-Тревел".

Борбор уруксат алуу учурунда ишенимсиз маалыматтарды берүү, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактабоо жоопкерчилик чараларын, анын ичинде уруксатты токтотууну же жокко чыгарууну шарттай турганын эскертет.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: