super.kg logo

Тамактын баасын негизсиз жогорулаткан кафелерге айып салынат

 

1-январдан баштап өлкөдө коомдук тамактануучу жайларда тейлөө кызматтары үчүн кошумча төлөм алынбайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда кызматкерлерге жана жарандарга кайрылуулар келип түшүүдө. Кээде тамактануу жайлары мурда алынчу тейлөө акысын тамактын баасына кошуп койгон учурлар болгону тууралуу дооматтар айтылууда.

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдын негизинде биздин кызматта атайын көзөмөл иштейт. Биз текшерүү планын бекиттик жана анын негизинде бардык коомдук тамактануучу жайларды пландуу түрдө текшеребиз. Эгерде ишканалар жазылган эрежеден чыкса, мыйзам чегинде айып пул салынат. Мисалы, тамактын өлчөмү аз болсо же соода эрежелери бузулса, айып салынышы мүмкүн. Биз бардык коомдук тамактануучу жайларды көзөмөлгө алабыз. Эгер кайсы бир керектөөчү арыз менен кайрылса, анда биз капысынан текшерүү жүргүзө алабыз”,- деди Орозбаев.

Ал кошумчалагандай, пландык текшерүүлөр ишкердик субъекттерге алдын ала кабар берилип жүргүзүлөт. Эми жарандар эмнеге төлөп жатканын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кабыл алынган токтомдун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөл жүргүзүү иштерин активдүү алып барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: