Тигүү жана текстиль өнөр жайында салыктык жеңилдиктер жана камсыздандыруу төгүмдөрү бекитилди
2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайындагы бардык ишканалар үчүн орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынын негизинде эсептелген 12 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкасы бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Ошондой эле, аталган тармакта иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан эсептелген 1 пайыз киреше салыгынын минималдуу ставкасы белгиленди.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып, тигүү жана текстиль ишканалары бир кызматкер үчүн орточо айлык эмгек акынын 40 пайыздын негизинде 12 пайыз камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт, ал 2115,5 сомду түзөт. Ошондой эле орточо айлык эмгек акынын 1 пайыз өлчөмүндө киреше салыгы төлөнөт – 440,7 сом. Бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдүн суммасы 2556,2 сомга жетет.
Белгилей кетсек, 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 070 сом деп белгиленген.
Бул өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, салыктык жүктү азайтуу, өндүрүштү өнүктүрүү, продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумуш менен камсыздоону стимулдаштыруу жана тармактын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизген. Аталган мыйзам 2025-жылдын 5-декабрындагы экономиканы колдоо чаралары тууралуу Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган жана ишкерлерди, жеке жана юридикалык жактарды колдоого багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















