super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

 
Жогорку Кеңештин тармактык комитети "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген.
Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков белгилегендей, мыйзам долбоору менен мамлекеттик сыйлыктардын 46 түрүнөн 20 түрүн калтыруу сунушталууда.
Алсак, мыйзам долбоору менен "Данакер", үч даражадагы "Эрдик" ордендерин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, "Кыргыз Республикасынын эл акыны" наамын жана экинчи категориядагы "Эмгек сиңирген" деген ардак наамдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары системинен алып салуу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана "Эмгек сиңирген" наамдарын министрлер кабинети тарабынан уюштуруу сунушталат.
Талкуу маалында депутат Гүлнара Акимбаева "Кыргыз Республикасынын эл акыны" наамын алып салуунун максатка ылайыктуулугуна көңүл бурса, эл өкүлү Марлен Маматалиев "Эмгек сиңирген" наамынын макамынын төмөндөшүнө токтолуп, ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын эл акыны" наамын алып салуу сунушун сындады.
Депутат Жанар Акаев да "Кыргыз Республикасынын эл акыны" наамын жокко чыгарууга болбой турганын айтып, акындарга "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" наамын ыйгаруу туура келбестигин кошумчалады.
Комитет төрагасы Курманкул Зулушев бул маселеде айрым ардак наамдар менен сыйлыктарды алып салуунун ордуна бирдиктүү тартип жана ыкма керек экенин белгилеп, мамлекеттик сыйлыктардын учурдагы тутумун толугу менен кайра карап чыгып, жаңы системди түзүү керектигин билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: