Кыямдардын пайдалык касиетин билип алыңыз

Кайсы кыям түрүн жакшы көрөсүз? Негизи кыям жеп жатканда анын организмге тийгизген таасири жөнүндө ойлонбойт болушубуз керек. Анда кайсы кыям кандай пайдалуу касиеттерге ээ экенин билип алыңыз.
Карагат кыямы
Кара, кызыл карагаттан жасалган кыям курамында С витамининин көптүгү менен чемпион. Ал иммунитетти, кан тамырларды бекемдейт, вирустар менен күрөшүүгө жардам берет. Десерттин бул түрүн респиратордук оорулардын алдын алууда, дарылоодо, тамакка табит жок болуп жатканда, ичегилерди токсиндерден тазалоодо да колдонсо болот. Мына эми, даамдуу кыям гана эмес, пайдалуу кыям катары да таанып калдыңыз.
Малина кыямы
Сасык тумоо келгенде биринчи “кылычын” көтөрүп чуркап чыккан кайсы кыям? Албетте, малина кыямы. Температураны төмөндөткөнгө, тамак оорусун жеңилдеткенге да жардам берет. Курамында көптөгөн эфир майлары жана ацетилсалицил кислотасы болгондуктан, сасык тумоо оорусу менен күрөшүүчүлөрдүн катарында турат. Иммунитетти бекемдейт, организмден токсиндердин чыгышын шарттайт.
Өрүк кыямы
Ичегилердин жакшы иштешин камсыз кылган клетчатка өрүк кыямында көп. Жүрөктүн иштешине оң таасир берген калий да бар. Андан сырткары көздүн көрүүсүн жакшырткан, теринин саламаттыгына жооп берген каротин заты да өрүк кыямында.
Алча кыямы
Алча кыямынын курамында көптөгөн витаминдер: А, В, В2, С, Е, андан сырткары салицил, алма, лимон кычкылдары да бар. Ошондуктан сезгенүүлөргө каршы таасирге ээ. Ал эми темир, калий, жез кандагы гемоглобинди көтөрүп, ошондой эле жүрөк булчуңунун жакшы иштешине көмөк көрсөтөт.
Кулпунай кыямы
Кулпунай кыямы антиоксиданттардын булагы, С, В, А, Е тобундагы витаминдерге бай, калий, фосфор жана башка пайдалуу минералдар бар. Организмге тийгизген пайдасы: жүрөк-кан тамырдын иштешин жөнгө салат, тамак-аш сиңирүү процессине катышат, нерв системин тынчтандырат жана организмден токсиндерди чыгарууга жардам берет.
Чычырканак кыямы
Чычырканак кыямын “банкадагы Е витамини” деп да аташат. Бул витамин жаштыктын жана сулуулуктун булагы болуп эсептелет. Курамында каратиноиддер, май кычкылдары, темир жана башка териге сонун таасир берген пайдалуу заттар көп.
Эскертүү!
– Кыям – десерттердин түрүнө кирерин унутпаңыз. Десерт – таттуу, курамында кант көп. Андыктан кыямды ден соолукка пайда алып келгендей өлчөмдө, тагыраагы, аз-аздан жеш керек. Болбосо кант диабети дарты жармашат.
– Жогорку температура көптөгөн пайдалуу заттардын курамын бузат, пайдалуулугун жоготуп жиберет. Андыктан кайнатылбаган кыямда пайдалуу заттар көп болот.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















