super.kg logo

"Сен байкуш эмессиң, генийсиң"

 

Бишкектин четирээк жагында жайгашкан жаңы конуштардын биринде эки бөлмөлүү чакан үй турат. Бул үйдүн жарыгы көп учурда өчпөйт. Дайым бүлбүл жанып турган чырак бар. Анткени бул үйдө Адам менен анын апасы Асия жашайт.

ххх

Таң али толук атпай жатып Асия ойгонду. Дайымкы адаты. Ал эрте турат, болбосо эч нерсеге жетишпей каларын билет. Саатты карап, болгону үч саат уктаганын байкады. Уйкусу канбай, денеси талыкшып турганы менен өзүн күчтөп тургузду.

Үй ичи тынч. Терезеден кирген боз жарык дубалдарды жай сылап өтүп, кичинекей бөлмөдөгү керебетке токтоду. Ал жерде алты жаштагы Адам жатты. Уктап жатып да колдорун кыймылдатып, түшүндө кимдир бирөөгө кол сермеп жаткандай сезилди.

— Адам, балам...- апасы акырын шыбырады. Бала көзүн ачты. Ал өзгөчө бала болчу. Азыркы учурдун кылычы курч илдеттеринин биринен жабыркачу. Башында бардык бөбөктөрдөй эле төрөлгөн. Кийин башкаларга окшобой турган кылык-жоруктарын байкап, ата-энеси доктурларга алып барышты. “Аутист” дешти. Асиянын жүрөгү ушул сөздөн жарылып кете жаздады. “Кантип?” деди өзүнө-өзү. Макул боло албады. Жүрөгү чыңырып жатты. Сыртынан караганда дени соп-соодой, таптатынакай баласын ушул бир ооз сөзгө кыйбай турду. Кулактарын жаап, чындыкты кабыл алгысы келбеди. Бирок убакыттын өтүшү менен моюнга алууга мажбур болду. Жанталашкан, алдастаган, бир бүлбүл үмүттү ээрчиген күндөр башталды. Кимдин гана эшигин какпады. Бул өзгөчөлүк боюнча окубаган китеби, барбаган тренинги калбады. Бул арада күйөөсү Эмил менен мамилеси сууй берди.

– Үч бөлмөлүү үйдү сатып... Сен келесоосуңбу? Кайда жашайбыз?- деди күйөөсү бакырып.

– Адам үчүн, уулубуз үчүн керек!

– Сенин балаң үчүн селсаяк болобузбу?- деди ал жаны ушул үй менен кошо чыгып кетчүдөй бакырып.

Асия аны тиктеп турду. Эч тааный албады. Ушул беле өмүр бою кол кармашкан адамы? Кана, өмүр бою жашоонун ачуусунда да, таттуусунда да кол кармашам дегени? Биринчи сыноодо эле баш тартты го. Кандай айтса да көнбөдү, “үйдү сатсаң, анда ажырашам” деди. Бул үй Асия өзү сатып алган үй болгондуктан, саттырбай коюу мыйзам боюнча колунан келбейт эле. Анткени үй алар үйлөнгөнгө чейин сатылып алынып, Асиянын наамында эле. Жолдошу өзгөчө туулган баласынан баш тартты.

Асия артка чегинбеди. Борбордо жайгашкан үйүн сатып, жаңы конуштан эки бөлмөлүү ушул үйдү сатып алды. Калган акчасынын баарын уулу үчүн жумшады.

Чет өлкөдө да, Кыргызстанда да тынбай дарылатып, чарчабай күрөшүп жатып Асия эки жылда бир кыйла жеңишке жетти. Баласы азыр ажатканага баруу, тамакты өзү ичүү, элге аралашуу сыяктуу кадимки нерселерди өз алдынча кылып калды. Анын ар бири Асия үчүн жеңиш болчу. Жакында бир аз сүйлөй баштады. Бирок кадимки балдардай эмес, азыраак гана. Бирок апасы аны жакшы түшүнчү. Адам апасын көргөндө дайыма көздөрү жайнап кетет.

– Таң аттыбы?- деди ал өз тилинде.

– Ооба, күн чыкканы жатат,- апасы жылмайып, чачынан сылады.

– Бүгүн сабакка барабыз.

Бала коркуп, башын жаздыкка бекем катты.

– Ал жакта ызы-чуу. Мен корком, мен кыйналам, апа.

– Билем,- деди апасы.

– Бирок биз акырындап чогуу көнөбүз. Кечээ мугалим эжең “жакшы ийгилик жаратып жатат” деди сени.

Бала көздөрүн жумуп, кайра ачты. Чын эле ийгилигине ишенип кетти. Жүрөгү туйлай түштү.

– Чын элеби?

– Чын. Сен аябай аракет кылдың. Сен менин эң сабырдуу, эң кыйын баламсың.

Бала “анда барам” дегендей башын ийкеди. Апасы баласын кийиндирип жатып, анын ар бир кыймылын эсептеп, ичинен санап жатты. Байпакты отуз жолу кийгенге аракет кылды. Апасы шаштырбады. Сабыр менен анын байпагын кийип жатканын карап турду. Бул үйдө убакыт башкача өтөт. Бул үйдө ар бир майда жеңиш чоң мааниге ээ. Акыры кийди.

– Апа...

– Ии, балам?

– Мен сендей боло аламбы?

Апасы токтоп калды. Кийимдин топчусун кармап туруп, баласына тик карады.

– Сен менден да мыкты болосуң,- деди ал ишенимдүү.

– Кантип?

– Сен сабырды билесиң. Сүйүүнү билесиң. Бул адамдардын көбүндө жок.

Адам түшүнгөндөй башын ийкеди. Бирок анын ичинде суроолор көп болчу. Бул жашоонун көп нерсесин ал түшүнбөйт эле. Башы ооруп кыйкыргысы келчү. Бирок апасын аяп, чыдап жатты. Көчөдө эл көп эле. Кээ бири ага кызыкдар болуп, кээде аяп карашат. Апасы муну сезди. Ал уулунун абалын дайым сезет. Бирок үн катпайт.

– Апа, тиги бала мени карады,- деди.

– Карасын. Балким, сени менен таанышкысы келгендир.

– Ал күлбөй жатат, тааныгысы келсе күлөт эле да.

– Сен күл. Балким, ошондо ал да күлөт.

Адам оозун жай ачып, тартына жылмайды. Мектептин короосунда мугалим эже тосуп чыкты.

– Келиңиздер,- деди ал жумшак үн менен.

– Адам, бүгүн кандайсың?

Бала баш ийкеди.

– Абдан жакшы. Бүгүн сүрөт тартабыз,- деди мугалими.

Апасы демин ичине катты. Сүрөт уулунун дүйнөсү. Ал сүйлөй албаган нерселерин кагазга чыгарат. Сүрөт тартуу аны бактылуу кылат.

– Мен сыртта күтө турам,- деди апасы.

– Кетпе...

– Мен жакынмын. Терезеден карап турам.

Сабак башталды. Апасы короодогу отургучта отуруп, терезеге тигилди. Ичинде миң бир ой. “Туура кылып жатамбы? Аны коргоп жатамбы же кооптуу дүйнөгө түртүп жатамбы? Аны коомго кошом деп сындырып албаймынбы?”

Бул суроолор күн сайын кайталанат. Дени сак балдар үчүн кадимки эле нерсе анын уулу үчүн татаал жана кыйын. Сабак бүткөндө уулу чуркап чыкты. Колунда кагаз.

– Апа! Кара!

– Оо, кандай сонун! Бул эмне?

– Бул... биз,- деди бала.

– Сен... мен...

Кагазда апасы менен баласы кол кармашып турушкан. Сүрөттө алар өтө бактылуу эле. Жашоодо анчалык бактылуу боло алышканы эсинде жок. Апасы көз жашын жашыра албай калды.

– Рахмат, балам,- деди ал. – Бул мен жашоодо көргөн эң кооз сүрөт.

Кайтып келе жатып, дүкөнгө киришти. Кезекте турган кошуна аял шыпшынып күбүрөй берди.

– Байкуш бала...

– Апа, мен байкушмунбу?- деди ал үйгө кайтканда. Апасы баласынын көзүнө карады.

– Жок. Сен байкуш эмессиң. Сен күчтүүсүң. Сен генийсиң!

– Анда эмнеге алар антип айтышат?

– Анткени алар сени толук тааныбайт.

– Сен тааныйсыңбы?

– Тааныйм. Сенин ар бир көз карашыңды, ар бир коркунучуңду билем. Жана ар күнү коркунучтарыңды жеңип жатканыңды да билем. Сен күчтүүсүң, балам.

Үйгө келишкенче күн батып баратты. Апасы тамак жасап жатканда бала столго отуруп, карандаш менен кайра сүрөт тартты.

– Апа,- деди ал бир аздан кийин.

– Оу?

– Сен чарчайсыңбы?

Апасы унчукпай калды. Чарчоону кантип түшүндүрмөк? Түнкү көз жашынбы, унчукпай коркуунун канчалык оор экенинби, жалгыздыктыбы? Кайсы бирин айтып берет?

– Кээде,- деди ал чындыкты жашырбай.

– Бирок сенин бир “апа” дегениңде эле чарчоом кетип калат.

– Мен чоңойгондо сени багам. Дайым кубантам.

– Мени азыр деле кубантып жатасың,- деди апасы күлүп. Түн кирди. Апасы баласы уктап калгыча жанына отурду.

– Апа, сен кетпе.

– Жок, балам. Мен бул жердемин.

– Ар дайымбы?

– Ар дайым.

Бала көзүн жумду. Дем алуусу жайлады, бышылдап уктай баштады. Апасы терезеге тиктеди. Ичинен уулуна дуба кылып жатты. Анткени өзгөчө баланын дүйнөсүндө апанын үнү – эң бекем тирек, сүйүүсү – эч качан өчпөгөн жарык эле.

ххх

Арадан 25 жыл өткөндөн кийин Адам Исмаилов деген кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгектери дүйнөнү дүңгүрөтүп жатты. Берлиндин эң барктуу сүрөт көргөзмөсүндө Адамдын дал ушул күнү тарткан апа менен уулдун бактылуу сүрөтү турду. Анда дал ушул күндөгүдөй көзүндө чолок жаш тамган апанын уулуна күлүп карап турганы адамдардын жан дүйнөсүн жылытып жатты. Бул экөөнүн тең эл билбеген жеңиши эле.

Айлин Д.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: