"Ажырашкандарына төрт жыл болду". Сузакта жолдошунун колунан каза болгон келиндин окуясы
Жалал-Абад облусунун Сузак районунунда жүрөк үшүн алган окуя катталды. 28 жаштагы келин мурунку жолдошунун колунан ажал тапкандыгы айтылды.
Келиндин эжеси "Би-Би-Сиге" маалымат берип, кандуу окуянын күбөсү катары келин Тахмина Рустамжон кызын мурунку жолдошу уруп, муунтканын билдирди. Эжеси арачалап, келин качууга аракет кылып жетишпей калган. Андан соң бир тууганы үчүн жардам сурап көчөгө чыгып, адамдарды ээрчитип келгенче келинди өлтүрүп койгон.
Мурунку жолдошу келинге 11 ирет бычак сайган.
Эжеси кошумчалагандай, келин жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүнө төрт жылдын жүзү болду. Ажырашкандан кийин жолдошу Орусияга иштегени кетип, болжолдуу эки жолу үйлөнгөн. Бирок кайра кайтып келип, келин менен жаңы жашоо улантууну көздөп, ал мүдөөсү ишке ашпай калган.
Айта кетсек, каргашалуу окуя 3-январда орун алганын облустук милиция маалымдаган. Шектүү жаран милицияга өзү байланышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















