Бананды көпкө сакташ үчүн...

* Бананды ашыкча сатып алсаң бат эле карарып кетмейи бар эмеспи. Аны канткенде көпкө сактаганга болот? Топтомунан бирден ажыратып алабыз. Ар биринин сабагын фольга, изолента, скотч же тамак-аш плёнкасы менен ороп коюу керек. Банан 3-4 күнгө чейин карарбай турат.
* Топтому менен эмес, ажыратылган жана бири-биринен алыс жерге койсоңуз, кечирээк бышат же бат эзилип кетпей турат. Анан да башка жашылча-жемиштерге кошпоңуз, өзгөчө алманын, алмуруттун, авокадонун жанында турса бат карарып кетет.
* Салкын, кургак бөлмөдө, караңгы жерде сактоо керек.
* Пакетке салып сактоого болбойт, аба алмашпаган пакетте турганда банан бат эле бышып, карарып, эзилип кетет.
* Эгер жашыл банан сатып алсаңыз, тегиз бышышы үчүн кагаз пакетке салып коюңуз, жанына алма, алмурут кошуп койсоңуз да болот.
* Ал эми 1-2 апта сактоо керек болсо, кагаз пакетке ороп муздаткычка салып коюңуз. Кабыгы карарганы менен, ичи карарбайт, даамын да сактап калат. Өтө бышып кеткен банандарды аарчып, чакан бөлүктөргө бөлүп тоңдургучка салыңыз, кийин кондитердик азыктарды жасоодо же смузиге колдонсо болот.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















