super.kg logo
  Саясат  

Советтик доордун популярдуу автоунаалары

 

Советтик “автопромдун” продукциялары бышык болгон экен, “сыры кетсе да, сыны кетпей” азыркыга чейин колдонулуп жатат. Волга, Жигули, УАЗ, Москвич сыяктуу автоунаалар убагында бүтүндөй бир муундун арзуусуна айланып, кол жеткис буюм эле. Макала совет доорунун көз күйдүргөн престиждүү унааларына арналат.

ГАЗ М-20 “ПОБЕДА”

1941-45-жылкы согуштан кийинки СССРдин алгачкы автоунаасы – ГАЗ М-20 “Победа”. Унааны массалык түрдө чыгаруу 1946-жылы жайында башталып, алгачкы жылдары унааны курап чыгуу иши дээрлик толугу менен колдо жасалган (автоматташтырылган системасыз). Алгачкы жылдары сапаты жагынан кемчиликтер болгону менен бара-бара алар жоюлган. 12 жыл өндүрүштө болуп, заводдон жалпы 240 миң даана чыгарылган. Советтик доордо бул унаа кол жеткис эле, “Победаны” адатта, чиновниктер жана партиялык кызматкерлер минишкен.

Кузов түрү – седан

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2112 сантиметр куб
Кубаттуулугу – 50-52 ат күчү
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 100-105 чакырым

ГАЗ-21 “ВОЛГА”

Убакыттын өтүшү менен “Победанын” ордун ГАЗ-21 ийгиликтүү баскан. Дизайны жагынан америкалык Ford Mainline унаасына окшоштурулуп жасалганы айтылат. 1956-жылдан тартып 1970-жылга чейин өндүрүштө болуп, массалык түрдө кеңири жайылган. Такси, “Тез жардам” милиция кызматынын кызматтык унаасы катары колдонулган. Маңдайкы айнектеринин ийилип жасалышы да советтик авто өндүрүшүндө жаңылык болгон. Унаанын сырткы көрүнүшүнүн үстүнөн сүрөтчү-конструктор Лев Еремеев иштеген. Алгачкы унаалар “автомат коробкада” жасалып, бирок оңдоп-түзөөнүн татаалдыгынан улам кайра 3 баскычтуу “механикага” өткөрүлгөн. Айта кетсек, ГАЗ-21 “Волганын” оң рулдуусу да бар, алар экспорт үчүн чыгарылгандар.

Кузов түрү – седан
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 сантиметр куб
Кубаттуулугу – 75-85 ат күчү
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 115 чакырым

ГАЗ-13 “ЧАЙКА”
Чайка - 1959-жылдан 1981-жылга чейин чыгарылган, СССРдин тушундагы эң кооз автоунаалардын бири. Адегенде аны жаратуучулар арасында унаанын аталышы боюнча талкуу жаралган. “Чайка” жана “Стрела” деген варианттар сунушталганда инженерлердин бири “Эгер Волга бар болсо, демек, анын үстүндө Чайка учуп жүрүшү керек” дейт. Ушундан кийин аталыштын тагдыры чечилген. 7 орундуу Чайка өз учурунун люкс унааларынын катарын толуктаган. Анда адатта, министрлер, бай адамдар, саясатчылар жүрүшкөн.
Кузов түрү – седан
Кыймылдаткычынын көлөмү – 5526 сантиметр куб
Кубаттуулугу – 195 ат күчү
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 160 чакырым

ГАЗ-24 “ВОЛГА”
Советтик доорго өз атын ишенимдүү түрдө жаза алган автоунаа. Волга 1968-жылдан тарта дээрлик 1992-жылга чейин чыгарылды. Горький авто заводунун эң көп чыгарылган унааларынын бири. Жалпы 1 миллион 481 миңден ашык унаа чыгарылган. 25 жыл аралыгында унаанын стили бир нече жолу жаңыланган. Замандын агымына жараша азыркы учурда бул унаа раритетке айланып калды. Кыргызстанда бүгүнкү күндө да сыймыктануу менен айдап жүргөндөр бар.
Кузов түрү – седан, универсал
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2445 сантиметр куб
Кубаттуулугу – 95 ат күчү
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 145 чакырым

“МОСКВИЧ-412”
Советтик учурдун легендарлуу автоунаасы Москвич-412 1967-жылдан 1997-жылга чейин чыгарылды. АЗЛКда жана ИЖ авто заводунда өндүрүлгөн. СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө да популярдуулукка жеткен унаалардын бири. 1968-70-жылдары эл аралык унаа жарыштарына да катышып, ийгиликке жетишкен. Сырткы көрүнүшү боюнча да, ички түзүлүшү боюнча да бул Москвич-412 бир нече жолу өзгөрүүгө дуушар болгон.
Кузов түрү – седан, универсал, фургон
Кыймылдаткычынын көлөмү – 1478 сантиметр куб
Кубаттуулугу – 75 ат күчү
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 140 чакырым

ВАЗ-2101 “Жигули”
Жигулинин биринчи үлгүсү болгон ВАЗ-2101 унаасы СССРдин авто өндүрүшүнө жаңыча түс берген. Сыртынан италиялык Fiat 124кө окшош болгону менен андан бир топ эле айырмаланат дешет адистер. Мисалы, арткы дөңгөлөккө дискалык тормоздун ордуна барабандык тормоз орнотулганы айтылат. Аталган унаанын эң алгачкысы 1970-жылы чыгарылган. Убакыттын өтүшү менен унаанын кузову модернизацияланып, “01ге” универсал ВАЗ-2102 жана ВАЗ-2103 кошулган. ВАЗ-2101дин акыркылары 1988-жылы чыгарылган.
Кузов түрү – седан, универсал
Кыймылдаткычынын көлөмү – 1100, 1200 сантиметр куб
Кубаттуулугу – 59-69 ат күчү
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 140 чакырым

ВАЗ-2106 “Жигули”
“Алтынчыны” атайын сөз кылууга арзыйт. Анткени бул унаа совет доорунда миллиондогон адамдын кыялы болчу. Сырткы көрүнүшү, техникалык мүмкүнчүлүгү жагынан ВАЗдын эң ийгиликтүү унааларынын бири катары азыр дагы эл арасында жогору бааланат. Бул унааны массалык түрдө чыгаруу 1976-77-жылдары старт алып, 2000-жылдарга чейин улантылды. Акыркы ВАЗ-2106 ИжАвто ишканасынан чыгарылган. Жалпы 4,4 миллион даана жасалган.
Кузов түрү – седан
Кыймылдаткычынын көлөмү – 1569 сантиметр куб
Кубаттуулугу – 75 ат күчү
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 155 чакырым

УАЗ-469
Советтик жол тандабас УАЗ-469дун да күйөрмандары көп. Бул унааны азыркы учурда да Кыргызстандын тоолуу аймактарынан көп кездештирүүгө болот. Буга чейинки жол тандабас ГАЗ-69дун доору бүткөндө УАЗ анын чыйырын улантып кеткен. Кузову көп жылдар бою өзгөртүлгөн жок, алгачкы унаа чыгарылган күндөн тарта 2007-жылга чейин. 2007-жылы гана УАЗ “Хантер” үлгүсү чыгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: