Баткенде айылга түшүп келген кыргый кайра жаратылышка учурулду (сүрөт)
Баткенде айылга түшүп келген кыргый кайра жаратылышка учурулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрли кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган канаттуу тиешелүү адистин кароосунан өткөрүлүп, жаратылышка учурулган.
Министрлик жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүү мыйзамга ылайык тыюу салынганын эскертип, табиятты коргоо ар бир жарандын милдети экенин белгиледи.
Кыргый - шумкар сымалдар тукумуна кирген күчтүү, сары баштуу жапайы куш. Ал негизинен тоолуу жана токойлуу аймактарда жашайт. Кыргызстанда бул куш сейрек кездешүүчү түр катары эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















