super.kg logo

Эноки – Азия ашканасында популярдуу козу карын

 

Алтын жипче деп да аталат

Эноки (еноки) – узун, ичке, кичине “шляпалуу” козу карын. Азия өлкөлөрүнүн, айрыкча Кытай, Корея, Япониянын ашканасында абдан популярдуу. Азиядан тышкары жапайы түрдө Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагында, Европа, Түндүк Америка, Австралияда да кездешет. Учурда дүйнөнүн бардык жеринде маданий түрдө өстүрүшөт. Энокинин “алтын жипче”, “кышкы опята” деген да аталыштары бар. Ак өңдүү, назик эттүү болушу үчүн караңгы жерде өстүрүшөт. Энокини суюк тамактарга, салатка, рагуга кошушат, куурушат, ошондой эле гарнир катары да беришет. Даамы бир аз таттуу. Жыттарды сиңирип ала тургандыктан муздаткычта башка азыктарга аралаштырбай, өзүнчө идиште сактоо керек.

Курамында B тобундагы витаминдер, D витамини жана фосфор, темир, жез, ракка каршы фламмулин заты бар.

Пайдасы: иммунитетти бекемдейт, зат алмашууну жана нерв системинин иштешин жакшыртат, кан басымды түшүрөт. 100 граммында 30-37 килокалория бар.

Жапайы түрдө кулаган дарактарда өсөт

Жапайы түрдө өскөндөрүнүн “шляпаларынын” өңү саргыч-күрөң, бою маданий түрүнө салыштырмалуу кыскараак болот. Кулап, чириген жазы жалбырактуу дарактарда жана алардын дүмүрлөрүндө өсөт. Терип алчу мезгил күз, эрте жаз болуп эсептелет. Жаратылышта энокиге окшош “кыймалуу галерина” аттуу уулуу козу карын бар.

Экспорт боюнча 1-орунда Кытай турат

Тарыхына кайрылсак, Кытайда аны VIII кылымда маданий түрдө өстүрүп башташкан. Анан Япония, Корея баштаган. Салттуу түрдө күнөсканада өстүрүүдө жыгачтын тарындылары, саман, кара куурайдын күнжарасын пайдаланышат. Кытайда 2022-жылы 2 миллион тонна эноки өстүрүлүп, сатылган. Башкача айтканда, дүйнөдө экспорт боюнча 1-орунда Кытай, 2-орунда Япония, 3-орунда Түштүк Корея турат.

Эт, балык менен жакшы айкалышат

Кескин жыты жана даамы жок болгондуктан эноки деңиз азыктары, эт, жашылчалар менен жакшы айкалышат. Өзүнө тиешелүү уусу болгондуктан энокини термикалык иштетүүдөн өткөрүү кажет. Мисалы, кайнаган сууга салып, кууруп же бууга кармап. Эноки туура тамактанууда зарыл азык. Кытайда аны ден соолук жана узак жашоонун символу дешет.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: