super.kg logo

Улуттук кардиология жана терапия борборундагы абал боюнча жыйын өттү

 

Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууда бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, министр Каныбек Досмамбетовдун Миррахимов атындагы аталган ооруканада жыйын өткөргөнүн маалымдады.

Маалым болгондой, ооруканада ангиографиялык жабдуулардын токтоп турушу, коронароангиографияны жүргүзүүдөгү кечигүүлөр, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын 24/7 режиминде жеткиликсиз болушу белгиленди. Ошондой эле өз убагында маршрутташтыруунун жана тармактар аралык консилиумдардын жоктугу курч коронардык синдром менен ооругандардын дарылоо жыйынтыгына терс таасирин тийгизип жатканы айтылды. Мында техникалык мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, баштапкы тери аркылуу коронардык кийлигишүү толук колдонулган эмес.

"Өзүнчө ангиографтар бар шартта тромболизис ыкмасын колдонуу маселеси талкууланды. Эл аралык стандарттарга ылайык, ангиограф жана сутка бою иштеген командасы бар борборлордо тромболизис колдонулбайт, анткени ТАКК “алтын стандарт” болуп саналат. Ушуга байланыштуу министр УКТБнын тромболизис үчүн дары-дармектерди 28 миллион сомго сатып алуу боюнча өтүнмөсүнүн максатка ылайыктуулугуна күмөн саноо билдирди.

Медициналык жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды сактоо жана колдонууда мыйзам бузуулар аныкталды. Буга чейин өрт чыккан негизги имараттагы кардиохирургиялык жабдуулар тиешелүү шартта сакталбай, курулуш чаңына көмүлгөн абалда турганы белгиленип, техниканын ишке жарактуулугу жана анын сакталышына ким жооп берери боюнча суроолор жаралды. Мындан тышкары, каражаттар бөлүнгөнүнө карабастан, реанимация бөлүмдөрүн УЗИ жана ЭХО аппараттары менен кошумча жабдуу боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырмасы аткарылган эмес",- деп белгиленген маалыматта.

Министр кардиохирургияда клиникалык протоколдордун жоктугу, жабдуулардын токтоп турушу жана диагноздун өз убагында коюлбашы түздөн-түз өлүм көрсөткүчүнүн өсүшүнө алып келерин белгилеп, эки мекеменин жетекчилигинин ишине канааттанбастыгын билдирди.

"Жабдуулар иштебей туруп калса, процесстер уюштурулбаса, ал эми өлүм көрсөткүчү өсүп жатса - бул техника маселеси эмес, ишке болгон мамиле. Бул сиздердин абийириңиздерде",- деди министр.

Кеңешменин жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларга жана ээлеген кызматтарына ылайык келбегендикке байланыштуу эки мекеменин тең жетекчилери өз ыктыяры менен кызматтык ыйгарым укуктарын тапшырышты. Министр борборлордун жетекчилигине жаш, бирок тажрыйбалуу, анын ичинде чет өлкөдө чоң иш тажрыйбасы бар адистердин талапкерлиги караларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: