Кардиохирургиядагы чаң баскан медициналык жабдуулар. Министрдин орун басарынын текшерүүсү (видео)
Кечээ, 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жүрөк хирургиясында медициналык жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды сактоо жана колдонууда мыйзам бузуулар аныкталган.
Тактап айтканда, негизги имараттагы кардиохирургиялык жабдуулар тиешелүү шартта сакталбай, курулуш чаңына көмүлгөн абалда болгон.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бактыбек Кадыралиев бул көрүнүш үчүн аталган ооруканалардын жетекчилерин жарга такады. Бузулгандарды башка бөлмөгө, керектүүлөрдү бейтаптар жаткан каналарга жеткирүү керектигин айтып зекиди.
Кардиохирургия институтунда медициналык жабдуулар талапка жооп бербей сакталган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















