Улуттук кардиология борборунун директору эки жылда 45 жолу чет өлкөгө чыккан
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору акыркы эки жылда 45 жолу, башкача айтканда, ай сайын 2 ирет чет өлкөгө чыгып турган. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууда бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталып, министр Каныбек Досмамбетов Миррахимов атындагы аталган ооруканада жыйын өткөрдү.
Анда дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алуудагы коррупциялык көрүнүштөргө жана борбордун директору Талантбек Сооронбаевдин жеке жоопкерчилигине көңүл бурду. Болжол менен 2 миллион долларга бааланган мүлк боюнча суроолор берилди.
Жыйынтыгында өз арызы менен аталган оорукананын директору жумуштан кетти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















