super.kg logo

Бишкекте "Тазалыктын" жаңы өндүрүштүк базасы курула баштады

 

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жаңы өндүрүштүк базасынын пайдубалына капсула салды.

Калаа бийлиги маалымдагандай, объекттин курулуш иштерин 2026-жылдын жай айларына чейин толук бүтүрүү пландалууда.

Жер тилкесинин жалпы аянты 4,13 гектарды, ал эми имараттардын жалпы аянты 11 500 чарчы метрди түзөт. Базанын аймагында өндүрүштүк жана оңдоо цехтери, атайын техникалар үчүн ангарлар, техникалык туз сактоочу кампа, таштанды жүктөө-өткөрүү станциясы, атайын техникалар үчүн токтотмо жайлар, ошондой эле ишкана кызматкерлери үчүн социалдык-тиричилик жана спорттук объекттер жайгашат.

"Жаңы объект ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, эмгек коопсуздугун жогорулатууга, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, иштин натыйжалуулугун жана коммуналдык кызматтардын сапатын арттырууга мүмкүнчүлүк берет",- деп билдирди мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: