Шайлоого катышпагандарга чара көрүү мыйзамы сунушталды
Шайлоого себепсиз катышпагандарга чара көрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев иштеп чыкты.
Мыйзамда шайлоого активдүү катышкандарга жеңилдиктерди берүү жана алардын арасында лотерея өткөрүү каралган. Ал эми добуш берүүгө катышпагандарды мамлекеттик айрым жеңилдиктерден ажыратуу сунушталат. Алсак, айып пулдарды төлөөдө, дипломдук иштерде кошумча упайларды, магистратурада бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө, мамлкеттик кызматтарга тандоодо артыкчылыктар каралбайт.
Документте дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдө шайлоого катышпагандарга айып пул салуу мыйзамы бар экени мисал келтирилип, аны колдонуу сунушталган. Ага ылайык, добушун бербегендерге алгач эскертүү берилет жана кайталанса айып пул салынат. Мыйзамда ошондой эле шайлоого 3 жолу себепсиз катышпагандарды 5 жылга чейин шайлануу укугунан ажыратуу каралган.
Мыйзамдын негиздеме-маалымкатында мамлекет шайлоону уюштурууга миллиондогон каражат жумшап жатканы, ал текке кетпеши керектиги жазылган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















