Социалдык жардам жана эмгек рыногу боюнча долбоор талкууланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү социалдык жардам жана эмгек рыногу боюнча долбоорду талкуулашты.
Жумушчу кеңешмеге эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана өлкөдөгү Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда тараптар "Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" аттуу биргелешкен долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Анда "Үй-бүлөгө көмөк" социалдык колдоо программасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана жаш жарандардын жумуш менен камсыз болуусуна багытталган "Жаштар стажировкалары" программасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Министрликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө долбоор боюнча каржылык өздөштүрүү 64 пайызды түзүп, пландаштырылган иш-чаралар ийгиликтүү аткарылып жатат. Ошондой эле 2025-жылдын июль айында долбоорду реструктуризациялоо боюнча чечим кабыл алынып, анын ишке ашыруу мөөнөтү 2027-жылдын апрель айына чейин узартылган.
Талкуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары да натыйжалуу ишке ашырууга, ошондой эле өлкөдө социалдык колдоо чараларын жана эмгек рыногун өнүктүрүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар макулдашууларга жетишти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















