Жылнаама, 22-январь: Мындан 13 жыл мурун Феликс Кулов 7 жылга эркинен ажыратылган

*1788-жылдын 22-январында акын-романтик Лорд Жон Байрон
жарык дүйнөгө келген. Анын “Коло доору”, “Асман жана жер”, “Беппо” аталышындагы
чыгармалары көпчүлүккө белгилүү.
кошулду
Автор: Бекжан Рыскулов
*Мындан 56 жыл мурун, тактап айтканда 1958-жылдын 22-январында Касым Тыныстанов күнөөлөрүнөн толук акталган. 1938-жылы Касым Тыныстановго “улутчул” деген күнөө коюлуп, ошол жылдын 7-ноябрында атылган. Кийин 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскер соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарган. Ал эми 1958-жылы партиялык жактан толук акталган.
*45 жыл мурун Советтик Армиянын кичи лейтенанты Виктор Ильин Брежневдин өмүрүнө кол салууга аракет кылган. 1969-жылдын 22-январында Леонид Брежнев космонавттар менен жолукмак. Бирок Виктор Ильин ок чыгарган унаада Брежнев болгон эмес.*Мындан 13 жыл мурун, тактап айтканда 2001-жылдын дал ушул күнү “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов 7 жылга эркинен ажыратылган. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган. 2005-жылы абактан чыгарылып, толук акталган.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.