super.kg logo
  Саясат  

"Макулбу?" Курманкул Зулушев экономика министрин тартиптүү болууга чакырды

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында депутат Курманкул Зулушев экономика министри Бакыт Сыдыковду тартипке чакырды.

Отурумда министр мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору боюнча баяндама жасап жаткан. Зулушевди анын эл өкүлдөрү тарабынан берилген суроолорго кол алдындагыларды жооп бердирип жатканы кыжырын келтирди.

"Баяндамачы өзгөрүп калган болсо, алдын ала билдирип, анан даярданып келсеңиз, макулбу? Анан, бул жерге туруп алып, залда отурган кызматкерлерди тургузуп, "сен жооп бер" деп башкарып албасаңыз, макулбу? Уруксат сураңыз, депутаттар макул болсо жооп беришет. Анда бардык министрликтерди алып келип, отургузуп алыңыз. Залда отургандар уруксаты жок сүйлөбөсөңүздөр", - деди Зулушев.






"Макулбу?" Курманкул Зулушев экономика министрин тартиптүү болууга чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: