Кытай Ирандагы кырдаалды турукташтырууга чакырат
Пекин Иран өкмөтү жана эли азыркы кыйынчылыктарды жеңип, улуттук туруктуулукту сактайт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин билдирди.
"Кытай ар дайым башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө каршы жана бардык мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун эл аралык укук менен коргоону толук колдойт", - дейт Нин.
Мао Нин Кытай эл аралык мамилелерде күч колдонууга же коркутууга каршы экенин баса белгилеп, бардык тараптарды Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга чакырган.
Өткөн жекшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп анын администрациясы өлкөдөгү массалык башаламандыктарды басууга жооп катары Иранга каршы аскердик күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн кошкондо, бир нече варианттарды карап жатканын жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















