Интуицияны кантип өнүктүрсө болот. Жөнөкөй кеңештер
Интуиция – бул логикалык ой жүгүртүүгө же аң-сезимдүү анализге кайрылбастан, бир нерсени дароо түшүнүү же сезүү жөндөмү. Интуицияны көп учурда алдын ала сезүү, чечим кабыл алууга жардам берген адамдын "ички үнү" же атүгүл "алтынчы сезим" деп да аташат. Жөнөкөй тил менен айтканда, мындай элестетип көрүңүз: сиз бир адам менен сүйлөшүп жатып, анын сизди алдап жатканын капысынан сезип каласыз, бирок эмне үчүн андай ойлогонуңузду так түшүндүрө албайсыз. Же болбосо, эч кандай себепсиз эле бирөө учакка түшүүдөн баш тартат да, дал ошол рейс кырсыкка учурайт.
Бул - интуиция, башкача айтканда ойлонбой-толгоосуз, анализ кылбастан эле өзүнөн-өзү келе калган ички туюм. Ал кайдан пайда болот жана интуицияны өнүктүрүп, чыңдоого болобу? Мына ушул суроолорго төмөндө жооп издеп көрөбүз.
Интуиция тууралуу илим эмне дейт
Заманбап илим азырынча интуициянын негизинде жаткан биологиялык механизмдерге так түшүндүрмө бере албайт. Көбүнчө окумуштуулар адамдын мээси аң-сезимдин катышуусуз эле, жашоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды иштетип, кийин бизге "белги" же "ишара" түрүндө сунуштайт деп айтышат.
"Интуициянын негизи - гиппокамп (Гипокамп же алгачкы кыртыш (hipocampus) - омурткалуулардын мээсиндеги жуптуу нерселер, алар арка кортекстин негизги бөлүгүн түзөт) аркылуу эс-тутумга ыкчам жетүү процесстери. Гиппокамп - бул мээнин эстеп калуу жана аң-сезимден тышкаркы деңгээлде чечим кабыл алуу үчүн жооп берген бөлүгү", - деп түшүндүрөт чет элдик окумуштуулар.
Бирок биздин “алтынчы сезимибиз” үчүн гиппокамп эле эмес, мээнин бүтүндөй лимбикалык системасы жооптуу. Ал эмоцияларды, эс-тутумду жана жашоо үчүн маанилүү процесстерди жөнгө салат.
"Интуитивдүү ой жүгүртүү лимбикалык системанын активдүү катышуусу менен мүнөздөлөт, - дешет илимпоздор. - Бул чечимдер эмоциялар менен тыгыз байланышта экенин билдирет. Мындан тышкары, бул процесстерде маалымат оң жарым шардын нейрондук байланыштары аркылуу, мурдагы тажрыйбаны эске алуу менен, тезирээк иштетилери далилденген. Татаал жана белгисиз тандоолордо дал ушул система эң натыйжалуу иштейт".
Ал эми биз рационалдуу ой жүгүртүүгө аракет кылганда, мээнин башка бөлүгү - префронталдык кабык активдешет. Ал логикалык ой жүгүртүү, пландаштыруу, көңүл буруу жана өзүн-өзү көзөмөлдөө үчүн жооп берет. Бул жерде жайыраак иштеген нейрондук тармактар кызмат аткарат, бирок дал ошолордун жардамы менен тобокелдиктерди жана кесепеттерди баалоо аркылуу татаал когнитивдик (таанып-билүүчү) стратегиялар калыптанат.
Бирок бул жерде иш мээ менен эле чектелбейт. HeartMath институтунун эксперименттери адамдар эмоциялык стимулдарга аларды аңдап түшүнө электе эле интуитивдүү түрдө реакция кыла аларын көрсөтөт. Изилдөөлөрдө адамдарга сүрөттөр көрсөтүлүп, андан соң организмде кандай өзгөрүүлөр болгону өлчөнгөн. Натыйжада орточо эсеп менен кийинки сүрөт көрсөтүлөрдөн 4,8 секунд мурда эле адамдар ага карата реакция бере баштаганы аныкталган.
Мындан тышкары, биринчи болуп жүрөк реакция кылганы байкалган. Андан сигнал мээге, кийинчерээк ичегиге өтөт - дал ошол жерде физикалык реакция пайда болот.
Ушул мааниде алганда, интуицияны организм менен акыл-эстин ортосундагы өзгөчө диалог катары кароого болот.
Биз өзүбүзгө максат коюп, маанилүү нерсени пландаштырганда, дене көп учурда биз менен соматикалык деңгээлде "сүйлөшөт". Мисалы, тандап алган максат ички ыңгайсыздыкты жаратса, организм муну баш оору, кан басымдын жогорулашы, уйкусуздук же ички диалогдор аркылуу билдириши мүмкүн. Бул - өзгөчө кайтарым байланыш механизми: интуиция учурдагы максат өтө эле чыңалууну талап кыларын же таптакыр эле биздин чыныгы муктаждыктарыбызга туура келбей турганын эскертип турат.
Окумуштуулар интуиция тууралуу көп нерсени билгенине карабастан, мээ маалыматты аң-сезимден тышкаркы деңгээлде кантип иштетери тууралуу так механизмдер али толук түшүндүрүлө элек.
Интуициянын түрлөрү
ХХ кылымдагы орус философу Николай Лосский интуицияны үч түргө бөлгөн: сезимдик, интеллектуалдык жана мистикалык. Сезимдик интуиция жогору сезимталдыкка негизделет, интеллектуалдык интуиция - илимий ыкмаларга жана эсептөөлөргө, ал эми мистикалык интуиция - руханий аңдоого таянат.
Башка изилдөөчүлөр болсо интуициянын профессионалдык, илимий жана көркөм түрлөрүн бөлүп көрсөтүшкөн.
Мына дагы бир классификациянын мисалы:
Интуициянын түрү - Өзгөчөлүктөрү
Эксперттик - кесиптик тажрыйбага негизделет
Интеллектуалдык - дүйнө таанымга, интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөргө жана билимге таянат
Чыгармачыл - ийгиликтүү жана келечектүү боло турган нерсени алдын ала сезе билүү
Социалдык - социалдык маселелерди жана адамдар ортосундагы мамилелерди түшүнө билүүгө негизделет
Мистикалык - каалаган учурда жана каалаган тармакта "аян" болуп келиши мүмкүн, жагдайга жараша бир нерсени шыбырайт, мисалы, "туура чечим" деген сезим
Адистердин айтымында, интуиция өзүнөн-өзү, атайын аракет кылбастан пайда болот, бирок ага чейин белгилүү бир даярдыкты жана темага терең сүңгүүнү талап кылат.
Интуициянын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - анын бүтүндүгү. Ал белгилүү бир тармактагы бардык билимибизди жана тажрыйбабызды бириктирип, бөлөк-бөлөк үзүндүлөрдү эмес, жалпы картинаны көрүүгө мүмкүндүк берет. Интуитивдүү түшүнүү логиканын катуу эрежелерине баш ийбегени менен, ошол эле учурда акылга сыярлык жана негиздүү болушу мүмкүн.
Интуиция аң-сезимден тышкаркы деңгээлде иштейт, ошондуктан анын кантип пайда болгонун көп учурда өзүбүз да аңдай бербейбиз. Ал күтүүсүз пайда болуп, биз ойлобогондой ой чабыты же туура чечим деген сезимди тартуулайт. Биз интуитивдүү аңдоонун жыйынтыгын сезе алабыз, бирок ага жеткирген жол биз үчүн сыр бойдон калат.
Интуицияны кантип өнүктүрсө болот
"Интуицияны өнүктүрсө болобу?" деген суроого илим адамдары - ооба деп жооп берет. Кээ бир окумуштуулар интуицияны адамдын топтогон билимдерин ылдам иштетүү деп эсептейт. Демек, биз билимдерди ылдамыраак иштете алабыз же өз "маалымат базабызга" жаңы маалымат кошо алабыз.
Мындан тышкары, жакшы интуиция үчүн машыгуулар керек. "Алтынчы сезимди" кантип өнүктүрүүгө болот:
Байкоочу болуңуз. Күнүмдүк жашоодо деталдарга жана чакан нерселерге көңүл бурууңуз. Мээ ушул нерселерден интуитивдүү жыйынтыктар чыгарат
Адатыңыздан чыгыңыз. Мисалы, үйгө башка жол менен барыңыз же кофе эмес, чай ичиңиз. Жаңы сезимдерди эске сактап, талдаңыз
Сезимдериңизге кулак салыңыз. Алар интуициянын негизи болуп саналат. Аң-сезимден чыккан ишараттарды четке какпаңыз: кайсы жакка баргыңыз келбейт, кайсы адамдар менен болуу ыңгайлуу же ыңгайсыз сезим берет - баары маанилүү
Аптасына бир жолу медитация менен алектениңиз. Медитация учурунда өзүңүздү, чыңалууңузду сезип, анын себебин түшүнө аласыз. Дем алуу ыкмаларын колдонуу пайдалуу
Дем алуу үчүн убакыт бөлүңүз. Уйкусуздук, чарчоо жана ашыкча стресс учурунда интуиция өзүн көрсөтө албай калат
Автор: Айзада Кыдырмышева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.