super.kg logo

Өзбекстан коргонуу доктринасын кайра карап чыгат

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн коргонуу доктринасын кайра карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мирзиёев 8 жыл мурун кабыл алынган коргонуу доктринасын, ошондой эле 1997-жылдагы улуттук коопсуздук концепциясын кайра карап чыгууга убакыт келгени айкан. Ал тез өзгөрүп жаткан аймактык жана глобалдык кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн аскердик коопсуздугун жана коргонуусун чыңдоо зарыл экенин белгилеген.

Президенттин айтымында, куралдуу күчтөрдү модернизациялоодо мобилдүүлүктү жогорулатууга, башкаруунун натыйжалуулугуна, ошондой эле санариптик чечимдерди жана заманбап технологияларды кеңири колдонууга негизделиши керек.

Мирзиёев армиянын адамдык капиталын өнүктүрүүнүн жана аскердик билим берүү системасын андан ары өркүндөтүүнүн, анын ичинде аскердик коопсуздук жана коргонуу университети аркылуу санариптик жана интеллектуалдык окутуу технологияларын колдонуунун маанилүү ролун баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: