super.kg logo

Түштүк Кореянын прокурорлору мурдагы президент Юн Сок Ёлго өлүм жазасын сурашты

 

Атайын прокурорлор тобу Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлго аскердик абал жарыялагандыгы үчүн өлүм жазасын сурашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мурдагы президентке сот жана мыйзам чыгаруу бийлигин көзөмөлдөө менен өз бийлигин сактап калуу үчүн төңкөрүш уюштурган деген айып тагылууда. Ёлдун соту уланууда жана өкүм февраль айынын башында чыгарылышы күтүлүүдө.

Айта кетсек, 2024-жылдын декабрында Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Бул чечим коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, парламент аны тез арада алып салууга добуш берген. Акыр-аягы мамлекет башчысы буйрукту жокко чыгарууга макул болгон.

Мындан кийин Түштүк Кореянын парламенти камакта отурган Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо үчүн добуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: