Жол эрежелерин бузгандарга жазаны күчөтүүдөн натыйжа чыкпаганы айтылды
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүт Коңкубаева жол эрежелерин бузгандарга жазаны күчөтүү натыйжа бербей жатканын айтып, башка жолун караштырууну сунуштады.
Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 2003-жылдан тарта катаалдаштырылып келет.
"Жол кырсыгынын көрсөткүчү жылдан-жылга өсүп жатат. Биз Орто Азияда 3-орунда турабыз. Анан 321-беренедеги 10 жылдан 12 жылга чейин деген норма Кылмыш-жаза кодексинин принциптерине каршы келет. Анткени жол кырсыктары этиятсыздык менен жасалган кылмыштарга кирет. Ошол себептен эң жогорку жаза 10 жылдан ашпоого тийиш", - деди ал.
Жол эрежелерин бузгандарга жазаны күчөтүүдөн натыйжа чыкпаганы айтылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















