super.kg logo

Сузакта мурдагы жолдошунун колунан каза болгон келин: Чыр эмнеден чыкканы айтылды

 

Жалал-Абаддын Сузак районунда мурдагы жолдошунун колунан каза тапкан 28 жаштагы Тахминанын эжеси окуяга күбө болгонун "Регион" телеканалына берген маегинде айтты.

Ал сиңдисине анын мурдагы жолдошу Орусияга алып кетүү сунушунан баш тарткандан кийин кол салганын билдирди.

"Ал сиңдимди "мен сени Орусияга кошо ала кетем" деди. Сиңдим "мен кетпейм, балдарды кимге таштайм" деди. Ошентип экөө уруша кетишти. Ал менин алдымда сиңдимди 2 жолу муунтту. Тахмина менин артыма жашынып жатты. Сиңдим "мен да турмушка чыгышым керек, сен деле үйлөндүң го" дегенде, анын катуу жини келип кетти", - деди ал.

Маркумдун эжесинин айтымында, Тахмина качууга үлгүрбөй жыгылганда мурдагы жолдошу кайра муунтуп кирген. Анын ажыратуу аракетинен майнап чыкпагандыктан, эшикке чыгып адамдардан жардам сураган. Тилекке каршы, жардам кечигип калган.

Буга чейин Тахминанын эжеси "Би-Би-Сиге" сиңдиси мурдагы жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүнө төрт жылдын жүзү болгонун, ажырашкандан кийин мурдагы жолдошу Орусияга иштегени кетип, болжолдуу эки жолу үйлөнгөнүн айтып берген.

Айта кетсек, каргашалуу окуя 3-январда орун алганын облустук милиция маалымдаган. Милиция шектүү жаран өзү байланышканын билдирген.







Сузакта мурдагы жолдошунун колунан каза болгон келин: Чыр эмнеден чыкканын айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: