Чүйдө кыз ала качууга шектүү жигиттер кармалышты
Чүй облусунун аймагында кыз ала качууга шектүү эки жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу 14-январда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-январда милицияга Кожомкул айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-январда саат 00:30 чамасында өзүнө чала тааныш Н., аттуу жаран жана анын таанышы күч колдонуу менен никеге туруу максатында, Step Wagon үлгүсүндөгү автоунаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 24 жаштагы Б.Н., 23 жаштагы Ш.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















