Салык кызматынын мурунку башчысы жана орун басары абактан бошотулду
Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго сот өкүмү чыкты.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 25-декабрдагы өкүмү менен Абдувапов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Акыркы жаза катары мамлекеттин пайдасына 400 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу, ошондой эле белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу белгиленди.
Ал эми Кыдыргычов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ага 300 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу жазасы дайындалды.
Мындан тышкары, экөө тең атайын наамдардан, класстык чиндерден жана мамлекеттик сыйлыктардан ажырады. Ошондой эле аларга камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өлкөдөн чыкпоо жөнүндө милдеттенме менен алмаштырылды.
Белгилей кетсек, былтыр, 6-декабрда салык органынын жетекчилери Абдувапов менен Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев июль айында Ош облусундагы жыйында Алтынбек Абдуваповдун байлыгы 55 миллион долларга барабар экенин айтып, таң калган эле.
Маалымат үчүн: 337-берене - Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу. 3-бөлүк - ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун. Айыпталуучунун мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















