super.kg logo

Ош облустук балдар ооруканасындагы кезекке байланыштуу жетекчилик жооп берди

 

12-январда социалдык тармактарда Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын клиникалык-диагностикалык бөлүмүндө кезек күтүү чагылдырылган видео тараган. Саламаттыкты сактоо министринин маалыматына ылайык, мекеменин директору Жыргалбек Толоров мындай көрүнүш, адатта, дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийин байкаларын түшүндүргөн.

"Бул маалда амбулатордук жардамга жана дарыгерлердин консультациясына кайрылгандардын саны кескин көбөйөт. 13-январда клиникалык-диагностикалык бөлүмгө 600гө жакын бала кайрылса, 12-январда алардын саны 800гө жеткен. Мекемеде бейтаптарды кабыл алуу үчүн жетиштүү шарт бар: 18 дарыгердин кабинети, үч каттоо бөлүмү, эки касса жана эки терминал иштейт. Таңкы сааттарда талон алуу учурунда кезек жаралышы мүмкүн, бирок саат 11:00гө жакын агым азайып, кезектер жоюлат",- деп билдирет оорукананын жетекчиси.

Директордун маалыматына ылайык, айрым ата-энелер участкалык педиатрга кайрылбастан, жолдомосуз түз эле ооруканага келишет. Ош облустук балдар клиникалык ооруканасы үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекеме болгондуктан, баштапкы кайрылуулар үй-бүлөлүк медицина борборлору аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Ошол эле учурда оорукананын травмпункту, ЛОР, хирургия, жандандыруу жана башка адистештирилген бөлүмдөрү үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бардык кайрылган балдарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелерди маршрутташтыруу эрежелерин сактоого чакырып, алгач үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы участкалык педиатрларга кайрылууну сунуштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: