Жаңы "Ош базарынын" курулуш иштери 70 пайызга аяктады (видео)
Бишкек шаарынын четинде курулуп жаткан жаңы "Ош базарынын" курулуш иштери 70 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган базар биринчи кезекте жарандар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап соода мейкиндигин түзүүгө багытталган. Бул объект шаар тургундарына жылдын бардык мезгилинде ыңгайлуу шартта соода кылууга мүмкүнчүлүк берет.
"Долбоордун өзөгүндө соодагерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулган. Буга чейин базарда эмгектенген соодагерлер ачык асман алдында, кыштын суугуна жана жайдын аптаптуу ысыгына чыдап иштөөгө аргасыз болушкан. Жаңы шарттар эмгек үчүн ыңгайлуу микроклиматты камсыздап, адамдардын саламаттыгын коргоого багытталган",- деген Туманбаев.
Ошондой эле объекттеги курулуш иштери графикке ылайык улантылып, долбоор белгиленген талаптарга ылайык этап-этабы менен ишке ашырылып жатканы кошумчаланды. Ал эми соода комплексинде коммерциялык жайларды сатууга ушул айдын аягында старт берилет.
Жаңы "Ош базарынын" курулуш иштеринин жүрүшү 70 пайызга аяктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















