Ош шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күчөтүлгөн тартипте иштешет
Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу 14-январда калаа бийлигинен кабарлашты.
Анда айтылгандай, өлкө аймагында КРВИ/пневмонияга чалдыккандардын саны көп катталууда. Айрыкча жаш балдар арасында илдет күч алган. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу оорулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында атайын буйрук иштеп чыкты. Ага ылайык, Ош шаарынын аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алышсыз иштейт:
- жумуш күндөрү 08:00дөн 20:00гө чейин;
- ишемби күнү 08:00дөн 18:00гө чейин;
- жекшемби күнү 08:00дөн 14:00гө чейин.
Буйрукта бул эреже медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана калктын өз убагында медициналык-санитардык жардамга кайрылуусун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле бейтаптардын агымын оптималдаштыруу максатында кабыл алынгандыгы белгиленген.
Дарыгерлер өз кезегинде курч респиратордук оорулардын белгилери байкалса (дене табынын жогорулашы, алсыроо, жөтөл, дем алуунун кыйындашы), анда сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылууну эскертишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















