Мыйзамсыз ишке барган "Унаа" мекемесинин кызматкери ортомчулары менен кармалды
Чүйдө кызмат абалынан пайдаланып, унааларды мыйзамсыз каттаган "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, 2023-жылы С.А. жана Ж.Р. аттуу жарандар Япониядан Lexus RX 330 үлгүсүндөгү автоунааны өлкөгө киргизип, аны запастык бөлүктөр катары декларациялашкан. Андан кийин унааны мыйзамсыз каттоого коюу жана сатуу максатында мурда жол кырсыгынан жабыркаган ошол эле үлгүдөгү автоунаанын каттоо күбөлүгүн сатып алышып, жасалма жол менен документтерди даярдашкан.
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин адиси Ж.Б. менен кылмыштуу бүтүмгө келип, акчалай сыйлык катары 1100 доллар акча каражатын беришкен. Ал эми мекеменин кызматкери жалган документтердин негизинде маалымат базасына мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизген",- деп билдирди башкармалык.
Унааны алып кирүүдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу схемасы ишке ашырылып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, мекеменин кызматкери жана Ж.Р. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















