super.kg logo

Ошто балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү турак жай менен камсыздалышат (видео)

 
Ош шаарындагы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 28 батирден турган көп кабаттуу турак жай курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, шаар башчысы курулуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, балдарга жагымдуу жана коопсуз шарт түзүү керектигин билдирди.
Батирлер аталган боорукердик үйлөрүнөн тарбияланып чыккан балдарга 10 жылдык мөөнөткө акысыз берилет. Алдыда шаар башчысы тарабынан балдардын келечегине кам көрүү, аларды турак жай менен камсыз кылуу жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы иштер улантыла бермекчи. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.
2025-жылы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн жалпы 15 бала тарбияланып чыккан. Алардын туруктуу жашай турган үйлөрү жок болгондуктан, шаар бийлиги тарабынан атайын чечим кабыл алынган.
Белгилей кетсек, ушул жылы аталган балдар үйлөрүнөн 9 бала тарбияланып чыгуу алдында турат. Жакынкы айларда көп кабаттуу турак жайдын курулушу толук аяктап, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.





Ошто балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү турак жай менен камсыздалат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: