Мектептердин биринде окуучулардын жарымы мечитте, жарымы ФАПта окуп жатканы айтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов парламенттин 14-январдагы жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Абад айылында окуучулардын маселесин айтып, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда айылдагы Назаров атындагы орто мектеп эски болгондуктан окуучулардын жарымы мечитте, жарымы ФАПта окуп жатышат.
"Мектеп эски. ӨКМдин кортундусу бар. Быйыл мектептин жаңы имаратынын курулушу башталат. Ал жерде 317 окуучу бар. Алардын ичинен 1-5-класска чейин 154 бала эки нөөмөт менен ФАПта, ал эми 6-10-класска чейин 163 окуучу мечитте окуйт экен. Учурда жергиликтүү бийлик мечитте окубасын деп окуучуларды башка мектептерге которгону жатыптыр. Ал мектептер айылдан 4 чакырым алыс экен",- дейт депутат.
Сулайманов жыйында президенттин жана министрлер кабинетинин паламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, аталган маселени оң жагына чечип берүүнү өтүндү.
Депутат мектеп маселесин көтөрдү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















