super.kg logo

Шымкентте 21 жаштагы кыздын аянычтуу тагдыры: Аны жакындары акыркы сапарга узатышты

 

Казакстандын Шымкент шаарында 21 жаштагы Нурай аттуу кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта чоң резонанс жаратты. Каргашалуу окуядан бир нече күн өтүп, маркум кыз акыркы сапарга узатылды.

Маркумдун апасы жергиликтүү казак басылмаларынын бирине билдиргендей, Нурай күзүндө окууга кеткенден кийин аны өлтүрүүгө шектелип жаткан 28 жаштагы жаран бир нече жолу аңдып, үйүнүн айланасында күтүп жүргөн. Күндөрдүн биринде ал сүйлөшүп алууга кызды чакырып, күч колдонуп Алматыдан Шымкентке алып кеткен. Кийинчерээк туугандары полиция кызматкерлери менен биргеликте шектүүнүн үйүнөн Нурайды таап, алып кетишкен.

Бирок бул окуядан кийин да шектүү кызды тынч койбой, артынан аңдып, куугунтуктоону уланткан. Каргашалуу окуя 11-январь күнү кечинде болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жөө жүргүнчүлөр өтмөгүндө шектүү жаран кызды бир нече жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Көп өтпөй Нурай алган жаракаттарынан улам каза тапты.

Эки күндөн кийин шектүү шаардын сыртынан кармалып, учурда ал камакта. Укук коргоо органдары билдиргендей, бул иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.






Шымкентте Нурай аттуу 21 жаштагы кыздын аянычтуу тагдыры: Аны жакындары акыркы сапарга узатты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: