"Т" тамгасы калбаш керек". Төрага тендер системин жоюуну сунуш кылды (видео)
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу тендер системин жоюуну сунуш кылды.
Анын айтымында, тендер аркылуу курулуп жаткан курулуш иштеринин баары кармалып, жакшы жыйынтык бербей келет.
"Учурда негизи көйгөйлөрдүн бири - тендер. Азыр мектеп, бала бакча, социалдык негиздеги имараттар, дегеле кандай курулуш болбосун баары тендерге байланышкан. Элдин баары тендерден тажаган. Тендердин өзүн эки ай өткөрүшөт. Курулуш иштери башталбайт, убакыт созулуп кете берет. Мен кечээ президент менен сүйлөштүм, тендер боюнча мыйзамды тез арада карап, ал нерсени алып салышыбыз керек. Тендер болбош керек. Бул иштин натыйжалуулугуна жана сапаттуу тез бүтүшүнө шарт түзөт. Тендердин "Т" тамгасы калбасын",- деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Ошондой эле төрага бул боюнча өкмөткө тапшырма коюп, тиешелүү мыйзам долбоорун тез арада даярдоо керектигин сунуштады.
Төрага тендер системасын жоюуну сунуш кылды
Төрага тендер системасын жоюуну сунуш кылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















