super.kg logo

Казакстандык жаран 34 жылдан бери никеде экенин кокусунан билип калган

 

Жамбыл облусунун тургуну күтүүсүздөн 34 жыл мурун кыска убакыт сүйлөшүп жүргөн аялга расмий түрдө никелешип калганын билип, сотко кайрылды. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазышууда.

Иш материалдарынан белгилүү болгондой, 1991-жылы аталган жаран бир кыз менен жолугуп, үй-бүлө курууну пландаган. Бирок мамилелери узакка созулбай, төрт айдан кийин эки тарап эки жолго түшкөн. Алар никени каттоо үчүн Жарандык абалдын актыларын каттоо органына кайрылышкан эмес, эч кандай документтерге кол коюшпаган жана нике тууралуу күбөлүк алышкан эмес.

Кийин ар ким өз жолу менен кеткен: аял 1994-жылы башка адамга расмий түрдө турмушка чыккан, ал эми эркек 2021-жылы үйлөнгөн. Бирок 2025-жылы банктык тиркемедеги “Мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнөн ал 1991-жылы катталган никеси бар экенин көрүп калган. Бул никени жокко чыгаруу үчүн ал сотко доо арыз менен кайрылууга аргасыз болгон.

Соттук териштирүү учурунда кызыктуу жагдайлар аныкталган. Тактап айтканда, нике тууралуу акт жазуусундагы кол тамгалар доогерге да, жоопкерге да таандык эмес болуп чыккан, аларды үчүнчү бир адам койгону белгилүү болгон. Мындан тышкары, ошол жылдагы жарандык абал актыларын каттоо китебинин түп нускасы сактоо мөөнөтү бүткөндүктөн мурда эле жок кылынганы маалым болгон.

Сотто доогердин жакын досу жана кошунасы күбө катары суралып, никени каттоо аземине эч ким катышпаганын жана эч кандай документтерге кол коюлбаганын тастыктаган. Ал эми ишке үчүнчү тарап катары тартылган тиешелүү органдын өкүлү сот жыйынына келген эмес.

Натыйжада сот 1991-жылы никени каттоо мыйзамдын одоно бузулушу менен жүргүзүлгөн деген жыйынтыкка келген. Анткени тараптар никени каттоодо жеке өзү катышкан эмес, ал эми мыйзамдарда “алыстан катталган нике” деген түшүнүк каралган эмес. Ошондуктан нике тууралуу акт жазуусу жараксыз деп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: