super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бекешев: "Ботаникалык бакка футбол аянтынын кереги жок" 

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ботаникалык бакка футбол аянтчасынын курулушуна каршы экенин парламенттин 14-январдагы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Кыргызстандагы ботаникалык бактар Бишкекте жана Нарында гана бар экенин эске салды.

"Ботаникалык бак илимий ишмердүүлүк, өсүмдүктөрдү анын ичинде эндемикалык өсүмдүктөрдү өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Башка өлкөлөрдө аны өнүктүрүп, өсүмдүктөрдүн санын көбөйтүп жатышат. Ал эми бизде ботаникалык бакта футбол аянтчасын курууну чечишиптир. Тиешелүү мыйзамда бак биологиялык ар түрдүүлүк жана илимий ишмердүүлүк үчүн түзүлгөнү так жазылып турат.

Футболду өнүктүрүүгө каршы эмесмин. Бирок эч бир футболчу футбол аянтчысын ботаникалык бакта куруп берүүнү суранбаса керек. Ал жер бул үчүн эмес. Келгиле, футбол аянтчасын ботаникалык бактан бөлөбүз. Ал бак бир гана Бишкекке эле эмес өлкө үчүн керек",- деген депутат спорттук курулуштарга башка аймактан жер кароого чакырды.

Эл өкүлү президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселеге көңүл бурууну суранды.






Депутат Бекешев: "Ботоникалык бакчага футбол аянтчасынын кереги жок" 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: