Акча кымырып алды деп экс-чиновниктер кармалышты
Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу учурунда каражатты туура эмес пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, кредиттик уюм тарабынан жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 2015-жылы Бишкек шаарынын мэриясына, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, бульдозер, жүктөгүч, таштанды ташуучу унаалар, таштанды контейнерлери жана башка атайын техникаларды сатып алуу, ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасына жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасына арналган таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу максатында 22 миллион евро бөлүнгөн.
Мамлекеттик сатып алуулардын айрым элементтерине жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча бөлүнгөн кредиттик каражаттардан бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 миллион сомду түздү.
12-январда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р., "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А., подряддык компанияларынын жетекчилери И.В., А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Тергөө уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















