super.kg logo
  Саясат  

"Шаарда жашайсың деп айта албайсың". Депутат Бишкектеги көйгөйлөрдү атады (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 14-январдагы парламенттин жыйынында билдирди.

"Бишкек шаарына административдик-аймактык реформанын алкагында бир топ аймактар, жаңы конуштар кошулду. Бирок ошол бойдон аты калып, заты өзгөргөн жок. 2026-жылы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекке 6 миллиард сом бөлүнүп жатат деп айтты эле.

Борбор шаар борбордой болушу керек. Бишкектин борбору, ортосу кандай болсо, чет жагы дагы ошондой болушу зарыл. Мисалы, Биринчи Май районунун борбору кандай, чет жагы кандай? Комплекстүү түрдө ушул акча каражаты туура багытка жумшалышы абзел.

Ошол эле Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Босого, Үмүт, Достук сыяктуу жаңы конуштарга квартал же кичи район деген аталышты берүү зарыл. Аны менен катар суу, канализация, жол, тротуар сыяктуу маселелери талапка ылайык жасалышы керек. Бул сыяктуу маселелер чет жакта аябай начар. Кадимкидей шаар ичинде жашайсың деп айта албайсың. Башка эле жакта жашап жаткандай сезим калтырат",- деди эл өкүлү.

Ошондой эле Маматалиев Бишкек шаарына ушул жылы курулуш иштери пландалып жаткан 20 мектеп, 10 бала бакча алгач жаңы конуштарга курулушун суранды.

"Озерное, Үмүт конуштарына бала бакча жетишпей жатат. Шаар ичиндеги Кызыл-Аскерде дагы инфраструктуралык маселелер көбөйүп кетиптир",- дейт эл өкүлү.






Депутат конуштар тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: