super.kg logo

Ирандын мурдагы императрицасы армияга кайрылды

 

Ирандын мурдагы императрицасы, 1979-жылы тактан кулатылган шах Мохаммед Реза Пехлевинин жубайы Фарах Пехлеви ирандык армияны өлкөдөгү нааразычылык акцияларына кошулууга чакырды. Анын кайрылуусу X социалдык тармагында жарыяланган.

"Иран тарыхындагы бул бурулуш учурларда мен кайрадан Ирандын куралдуу күчтөрүнө кайрылам. Эч бир режимдин сакталып калышы же кандайдыр бир кызыкчылыктар мекендештериңердин канын төгүүгө татыктуу эмес. Өтө кеч болуп кете электе, бир туугандарыңарга жана эже-карындаштарыңарга кошулгула",- деп жазган Фарах Пехлеви.

Ал ошондой эле нааразычылык акциялары учурунда жакындарынан айрылган бардык мекендештерине көңүл айтып, Ирандагы митингдерге чыккан жарандардын кайраттуулугу, мекенчилдиги жана өз жанын аябагандыгы дүйнө жүзү тарабынан урматтоого татыктуу экенин белгиледи.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран бийлигине нааразы болгон жарандарды мамлекеттик мекемелерди басып алууга чакырган. Ал Ирандын расмий өкүлдөрү менен бардык жолугушууларды токтотконун жана Тегеран менен диалог жүргүзүүдөн баш тартканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: