Таиландда поезддин үстүнө кран кулап, 22 адам каза тапты (видео)
Бүгүн, 14-январда Таиландда курулуш краны жүргүнчү ташыган поезддин үстүнө кулап түшүп, кеминде 22 адам көз жумду. Ал эми 55 адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, кырсык Накхонратчасима провинциясынын Сикхио аймагында болду. Анда Тай - Кытай жогорку ылдамдыктагы темир жолунун көпүрөсүн курууда колдонулуп жаткан кран поезд өтүп бара жаткан учурда кулап түшкөн. Поездде болжол менен 190 жүргүнчү болгон.
Куткаруучулар жабыркагандарды вагондордон чыгарышууда.
Таиландда жүргүнчү поездинин үстүнө кулаган курулуш кранынын кесепети адам өлүмүнө алып келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















